Menu

Соке Өмүке менен Темикеге жетпейт экен

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште отчет берди. Бирок премьерлик кызматта анын отурганы да, отурбаганы да бир тең болууда. Өзүнө чейинки премьер-министрлерге жетпей жатат. Биринчиден, ал Өмүрбек Бабановго окшоп, жаш жана энергиялуу эмес. Бабанов ишке чындап шымалана киришкен эле, балким, убакыт көбүрөөк берилсе, жакшы жагына мамлекетти сүйрөп кетмек. Элдин да купулуна толуп турган.
Дагы бир экс-премьер Темир Сариевдин тактикалык ыкмалары, экономикалык бай тажрыйбасы да Сокемде жок экени байкалып турат. Темир Сариевди Ысык-Көлдөгү жол чыры жеп койбогондо, ал да биртоп жакшы иштерди аткармак экен.

Эми, “шеф” өзүнүн ишеничтүү, сатпаган деген кадрын алып келип, өзүнүн президенттик мөөнөтү өтмөйүнчө эптеп олку-солку кылбай, өкмөттүн ишин кармап турсун деген сыяктуу. Туура, андай да адам керек, кыйчалыш учурда. Бирок жалпы мамлекетке Сооронбай Жээнбековдун ары же бери болбогон, ыңгыранган мүнөзү өтө эле зыяндуу.

Мисалы, ошол эле жол кырсыктары менен “Коопсуз шаар” маселеси. Эми гана ойгоно калгансып, өкмөттү чакыртып, тапшырма бергени эмнеси? Кан жолдо биздин мекендештер пачкалап елүп жатышат, канча жылдан бери. Болгону акыркы жолу эки окуучу баланы сүзүп кетиши коомчулуктун чыдамын акыры түгөттү. Нааразычылык күчөй баштаганда гана төбөлдөрдүн кыймылдай баштаганы таң калтырат. Эгерде зирек болгондо Сокем мындайды айттырбастан, алдын алмак. Бийликтин баары колунда, эмне себептен “Коопсуз шаар” деген долбоорду так кесе чечишпей, күнөөлүүлөрдү жазалашпай, аны да ыңгыратып созуп жатышат? Же президенти, же премьери, же Жогорку Кеңеши кыймылдабайт? Баарыбыз кырылып бүткөндө бири-бириңердин этин жеп, өзүңөрдү-өзүңөр башкарып отура бергиле!

А мисалы, Бабанов бул долбоорго жеңин түрө киришкен, эмгичекти бардык жерде камералар иштеп калмак, бирок биздин ичи тар саясатчыларыбыз аны да көрө албай кызганышып, кызматтан тээп айдашты.

Анан дагы Сооронбай Жээнбековдун жол коопсуздугу боюнча чогулуш өткөрүп, анда жакында Алмазбек Атамбаев бул маселени чечүү максатында жыйын куруп, комплекстүү иш-чараларды карайт деп айтканы акылга сыйбаган көрүнүш. Тескерисинче, парламенттик мамлекетте жашап жаткан соң ошол Жээнбеков мындай жыйындарды өткөрүп, тиешелүү чечимдерди чыгарып, комплекстүү чараларды көрүшү керек эле. Атамбаевди күтүп отурбай.

Эми ушундай абал мамлекетибизде. Өз алдынча тың болуп иш баштайын десең, тигинтип кызганышып, иштеген адамды иштетпей, ушундай эт менен челдин ортосундагыларды алып келип коюп, мамлекетибиз артка кетип баратат. Буюрса, бул да заман өтөөр, Сокелерден арылып, энергиялуу, жаш, таза адамдар кызматка келээр…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: