Menu

Бейшенбек Бекешов, журналист: “Коррупция капут болдубу же ажо коррупционерлер менен жармакташып иш кылган пайдалуу экен деп чыга бердиби?”

Бөлүшүү:

Укук коргоо органдары ай сайын жок дегенде 1-2 өтө чоң коррупциялык кылмыштын бетин ачып, дүң болуп жатаар элек. Акыркы жарым жылдан бери эмне үчүн мындайдын ың-жыңы жок калганын билесиңерби? Көрсө ошол кылмыштардын дээрлик тең жармын ачып жаткан ИИМдин 5-башкы башкармасы деген уюм жоюлуптур. Коррупцияга каршы күрөш аягына чыгыптыр! Ураа! Жашасын жемкорлук менен күрөшүүнү мамлекеттик саясатка айланткан…
Деп ажонун атын кайра-кайра айтып дүйнөгө дүң кыла берсек да болот. Ошол эле учурда ажо айтканынан кайтты, ууру-кескилер менен шылуундардан жеңилгенин мойнуна алып, силер менен күрөшкөндөн көрө жармакташып иш кылган пайдалуу экен деп чыга берди деп айтсак да болчудай.
Эмнеси болсо да ИИМдин коррупция менен күрөшкөн 5-башкы башкармасынын 115 кызматкери 4 айдан бери караманча ишсиз олтуруп, маяна алып жатат. Себеби Коопсуздук кеңешинин чечими жана аны колдогон Президенттин жарлыгы менен бул кызмат жоюлган. Шылтоосу бири бирин кайталаган мамлекеттик кызматтарды кыскартуу экен. Коррупция менен күрөшкөн 4 мамлекеттик кызмат болсо, алардын үчөө: прокуратура, каржы полициясы, баңгизат көзөмөлдөө агенттиги биригип. акыркы 3 жыл ичиндеги бардык 3 592 кылмыштардын 54 пайызын ачса, ИИМдин 5-башкы башкармасы жалгыз өзү 46 пайызын (1 627 кылмышты) ачыптыр. Бирок, ишинин натыйжасы 5-башкарманыкынан 2-3 эсе аз, кызматкерлеринин саны болсо 4 эсе көп каржы полициясын кыскартышпайт да, 90 жылдык тажрыйба мектеби бар чыныгы адистердин структурасын кыскартышыптыр.
5-башкарманын адистери ай сайын коррупциялык жана кызматтык багыттагы кылмыштардын бери эле дегенде 50сүн ачып, казнага жок дегенде 50 миллион сом таза акча төктүрүп турчу экен. Толук 4 айдан бери мунун бири жок, буларга жабышып иш көрсөткүчтөрүн көбөйтүп турган прокуратуранын да ишинин дайыны жок олтуруп калышты. Себеби, учурдагы тартип боюнча кылмыш ишин таап, иликтеп, далилдеп чыгуу 5-башкарманын милиция кызматкерлеринин иши болсо, кылмыш ишин козгоо укугу проркуратурага гана берилген.
5-башкарманын адистеринин ишинин жогорку натыйжалуулугунун дагы бир чоң себеби – алар үчүн зарыл болгон учурда МАИ, коомдук коопсуздук кызматкерлеринен участкалык инспекторлорго чейин көмөктөшкөн укмуштай күчтүү маалыматтык база бар экени. Каржы полициясында болсо мунун бири жок. Жер-жерлерде структуралары да жок.
Биз алакалашкан чет өлкөлөрдүн окшош кызматтары менен байланышууда да ИИМ менен тең тайлашаар структура жок. Мисалы, Шериктештик өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин Кеңеши деген координациялык уюм бар. Каржы полициясы аркылуу аларга аралашуу иш жүзүндө мүмкүн эмес.
Демек, ИИМдин 5-башкы башкармасынын жоюлушу бизде ансыз да бугуп калган коррупцияга каршы күрөштү биротоло жок кылуу максатын көздөгөн атайын программа сыяктуу нерсе. Муну ажо өзү уюштуруп жатат деп айтуу кыйын. Бирок ал жарыялаган жемкорлукка каршы күрөш саясатын жокко чыгарууну көздөгөн ички жана тышкы күчтөрдүн жеңиши деп ачык эле айтууга болот.
Бюджеттен маяна катары 115 кишиге төлөнчү 2 миллион сомго жетпеген акчаны үнөмдөдүк деген нерсе бери эле дегенде шылуундук. Себеби алардын ай сайын казнага түшүрүп турган акчасы андан 30 эсе көп болгон. Демек, бул азыркы бийликтин жакшы баштаган дагы бир ишинин ойрон болгону.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: