Бүгүн, 5-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында КРнын Конституциясынын 87-беренесине ылайык Өкмөт мүчөлөрүнө сунушун киргизүү маселеси каралып, ӨКМдин башчысына жана вице-премьер-министрлик кызматына талапкерлер сунушталды.
Мухаммедкалый Абылгазиев, өткөн аптада Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулганын, анын ордуна ӨКМдин башчысы Нурболот Мирзахмедов дайындалганын белгилеп өттү.
“Сиздердин алдыңыздарга колдоп берүү үчүн, Эркин Асрандиев КРнын вице-премьер-министр кызмат ордуна талапкер катары, Замир Аскаров Өзгөчө кырдаалдар министри кызмат ордуна талапкер катары сунуштайбыз” – деп билдирди премьер-министр.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ