Индонезия мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги искусство жана маданият тармагы боюнча билим алуучулар үчүн стипендиялык программасын жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы бүгүн, 4-февраль күнү билдирди.
Окутуу 2020-жылдын 2-майынан 15-августка чейин Индонезиянын искусство жана маданият борборлорунун биринде өтөт. Алар: Бали, Батыш Суматра, Чыгыш Калимантан, Батыш Ява, Түштүк Сулавеси жана Жокьякарта.
Стипендиянттар бир жума жашагандан кийин алардын кызыгуусуна жараша арт-борборлорго бөлүштүрүлөт. Бардык борборлордо Индонезия маданияты жана искусствосу менен тааныштырат. Ошону менен бирге айрым курстар айырмаланат. Мисалы, Батыш Явада салттуу батик кездемесин даярдоо жараянын жана Ява бийин үйрөнүшөт. А Балиде болсо – Бали бийин жана гамелан улуттук оркестрин. Программанын акырында бардык катышуучулар маданият жана искусство кечесине катышат.
Стипендиялык программа төмөндөгү чыгашаларды көтөрөт:
– Окутуу акысын, класстардын сырткары иш-чаралар;
– Эки тарапка авиабилет;
– Жатакана жана тамак-аш;
– Медициналык камсыздандыруу (чектелген), ар бир катышуучуга жеке медициналык камсыздандыруу алуу сунушталат;
– Жергиликтүү транспорт;
– Ай сайын 2 000 000 рупий стипендия.
Талаптар:
– 21 жаштан 27 жашка чейин;
– Үй-бүлөлүү болбошу керек;
– Орто билим;
– Англис тилин билүү зарыл;
– Индонезия маданият жана искусствосун үйрөнүүгө басып койгон жана Индонезия тилин (минималдык деңгээлде) билгендерге артыкчылык берилет.
Сынакка катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди бериши керек:
– Мотивациялык кат;
– Паспорт өлчөмүндөгү кызыл фонго түшкөн эки сүрөт:
– Жарактуу мөөнөтү эки жылдан кем болбогон жалпы жарандык паспортунун фотокөчүрмөсү
– Академиялык дипломунун фотокөчүрмөсү;
– Акыркы алынган медициналык справканын фотокөчүрмөсү;
– Сунуштама каты;
– Программанын шарттарына макулдугун берген арыз:
Стипендиялык программа боюнча кенири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот: Стипендия боюнча информация
Анкетаны бул жерден жүктөп алыңыз: Анкета
Катышуучулар толтурулган билдирмени 12-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылуусу зарыл. Документтердин көчүрмөсүн [email protected] электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ