Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев МАИ кызматкерлерине болгон мамилеси менен ичти жылытты. Бул жигит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийээрин, МАИ кызматкерлерин сыйлаарын билдирди. Бишкекте түнкү рейд учурунда анын машинесин МАИ кызматкерлери журналисттер менен бирдикте токтотушкан. Бирок Жылкыбаев айдоочулук күбөлүгүн издеп таппай койгон. МАИ кызматкерлери башка машинени тоскону кеткенде, Узар мырза тызылдаган бойдон үйүнө чуркап барып айдоочулук күбөлүгүн алып, күшүлдөп-бышылдап жетип келди. Бирок МАИ кызматкерлери ага карабастан унаасын унаа токтоотуучу жайга алып киришти. Ошол мезгилде Жылкыбаев башка аткаминерлердей болуп, тааныштарына телефон чалып, ызы-чуу кылган жок. Тек гана мыйзамды сыйлап баш ийип берип, башкаларга үлгү боло алды. Ал эми журналисттер болсо, Узар мырзаны жакшы эле провокация кылганга аракет жасашыптыр, бирок майнап чыкпаптыр. Бул жигит өзү абдан мыкты жигит эле. Тилекке каршы орунбасары Дамир Моңолдоров иштетпей, бут тосуп жатат окшойт, кантсе да ал киши “карт бөрү” эмеспи.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ