Menu

Асылмайлар, алка-жакадан алмайлар башталды

Бөлүшүү:

Кызыктар эми башталат дегендердин чечекейи чеч болуп турат. Анткени кепти эпке келтиргендердин ооматы келет мындайда. Шайлоодон көбүрөөк упай алчумун деген лөктөр өзүнүн омоктуу атаандаштарын жаманатты кылууга жанталбас кылышаары эбактан эле белгилүү. Айрыкча эки жыл мурдагы президенттик шайлоодо капчыктуу Темир Сариевди тебелеп өткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун “тонун” тескери кийгизген мыскылдуу “селт этмелерди” чүргөй салдырууга көбү ашыктар.

Анткени анын электораты булардыкына салыштырмалуу алда канча өйдөрөөк. Демек, ошол добуштарды күм-жам кылуу үчүн басылмалардан тынбай соктура бериш керектиги акылы кемдерге деле маалым десек ким аный дей алат? Албетте, мурда кошулуп бир күч болобуз деген “үрпөң баштар” биринчилерден болуп асылуу “операциясын” баштап беришээри деле шек жаратпайт. Себеби, бийлик, байлык керек болсо “касам” ичкен досторду деле кабыштырып, чабыштырып саларын көрүп жатпайлыбы?

Теңир тоолук азаматтар да азуусун бири-бирине жана баштаганы эмнеге байланыштуу? Шайлоого карата болгон кастык десек бап келет да, туурабы? Аскар Салымбековдун ойлорун удургуткан ким дейсиңер? И‑ии ошол эле эл өкүлү экенин өзү деле танбайт? Шакини дагы жардан алыс кулатууга кимдер кызыктар? Ошол эле камактан эбин таап чыккан киши десек оозубузду бирөө келип кемечтеп салабы? Жок анте албайт. Элдин таландысында калган Иса Өмүркулов күйгүлтүккө алынганда мен мандатка жулунбайм деген убадасына тура алар бекен?

Камчыбек Ташиевдин мындан аркы кадамдары кандай болот? Бабановго эми кайрылып келеби, же башка жолду табууга аракет кылабы? Бул да өзүнчө табышмак. Жалаң байлардын командасынан фракция кураган Алтынбек Сулайманов бул ирет кимдин “долбооруна” кирип калат? “Улуу Журт” деген сары ооз партияны ким сүрмө топко киргизип, анын тизмесин түзүп берет? Ак үйдөгү лөктөргө байланды деген “Замандаш” партиясынын тагдыры кандай ыкмада чечилээр экен? “Кыргызстанды” Канат Исаевге жетелетип жиберишсе, башкалары эмне болот деген суроо дагы кээ бирөөлөрдү санаага салганы ырас. Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүүсү” кимдин этегине эрмешет болду экен бул ирет? Айтор, тумшугу ийрийген суроолор ого эле көп.

Ушул саясат айдыңында айрыкча басылмалары, теле каналдары, сайттары, кыраатын келтире жазалган журналисттери арбын “шумахерлер” утушка жетишет. Маалымат деген туура бараткан жолуңан адаштырат, мурдагы ойлоруңдан кайттырат, жаңы түшүнүктөрдү мээңе кадап салат. Мындан ары урдурмай, соктурмай, бирөөнү тоого чыгарса, экинчисинин мурдуна чүлүк салмайлар көбөйөт. Каражат самандай чачылат, табиттер араандай ачылат, түз жерлерге чуңкурлар казылат. Биздин заман нур заман, каалагандай кур заман дегенди бекем кармангандар марага энтеңдеп жетип келишет. Аң-сезим, абийир дегенди акчага алмаштыра салууну болсо биротоло үйрөнүп бүткөнбүз дечи. Жашасын капчыктуулардын мелдеши, шайлоо жыргалына кеттик дегендердин өпкөсү кабынан чыга турган мезгилге улам жакындап баратабыз. Ура-аа, аман болсок шайлоонун сазайын беребиз!

Ж. Түзайтаров

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: