Menu

ЖЭБди жегендер жоопкерчиликтен кутулганга аракеттенишүүдө

Бөлүшүү:

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча жемкорлукка айыпталып жаткан сегиз адамдын соттук иши белгисиз мөөнөткө жылып кетти. Буга адвокаттардын «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусу боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануусу себеп болгон. Эске салсак, Свердлов райондук соту адвокаттардын аталган корутундуну далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Албетте, бул ишти убакытты созуу максатында жасап жатышат. Канчалык убакыт өткөн сайын маанисин жоготорун билип, элдин көңүлүн жазгырганга аракеттенишүүдө. Бирок, элдик көзөмөл күчөшү керек. Анткени, УКМК тергөө учурун да Сапар Исаков баштаган бир катар кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен мурдатан билип туруп Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиргени аныкталган. Кылтыңдаганга жол бербешибиз керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: