Ганадан келген легионер Кожо Жоэл “Алай” клубунда 2018-жылдан бери ойнойт. Ошол жылы эле Кыргыз чемпионатында 26 топ киргизип, бомбардир болгон. Өзү 1998-жылы 21-августта туулган. Келгени эки жылга жетпей, минтип кыргыз кызына үйлөнүп олтурат. Жаштардын үйлөнүү тою, кечээ, 20-октябрда Токмок шаарында болуп өттү. Жаш колуктусунун аты-жөнү – Айзада Жыргалбекова. Бул үлпөткө Кыргызстандын мурдагы коргоочусу Даниэл Тэго да чакырылды. Ал дагы кыргыз кызына үйлөнгөн эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ