Menu

Дүйшөн Керимов: Кара калпак кайгыны, ак элечек «акыяны», темир тосмолор коррупцияны түшүндүрүп калганда…

Бөлүшүү:

Атаңдынгөрү дүнүйө, аз кыргыз да азайып баратат, тагыраагы, жакшы жашоо издей, не бир чырактай, мырза теректей солкулдаган кыз-уландар четке дале токтобой кетип атат. Айтылуу акын Рамис Рыскулов кезинде «Омор Султанов достун үйүнө баргандан Америкага барып келген оңой» деп олуядай тамашалаган экен. Кайран кыргыз кайда гана тентип кетпеди? Ал ортодо ошол эле жайдары классик акын Ыракеңдин «Атылбай калган бугудай…» деген ыр саптарын эске салган экс-чиновниктердин айрылышпаган, бирок, кайрымы жок, жоон топ караанын ар кайсы маараке, той-топурдан көрүп, аларды «улут каймактары, сыймыктары, эл журт элитасы» деп элжирей, атын айтып, микрофонду дүңкүлдөткөн дөөпөрөс «чечендер» да көбөйдү. Андан да «Акаев акылдуу болчу», «Бакиев экономиканы көтөргөн», «Атамбаевдин эрдиги» деп ошол каймак, сыймык элита сөрөй экстериң сахнадан кетпей, андан ашыра экилене баштады, эй! Ошолор түзүк болсо ушул күндү көрөр белек?..

Атаңдынгөрү дүнүйө, эски бийлик кадрыңдын да, аны аргасыз муюп угуп отурган калкыңдын кадыры да кеттиби? Миң жыл эңсеп жеткен эгемендиктин саналуу жылдарында эле биз ушул деңгээлге түштүкпү? Кадырың кана, намысың кана, лидериң кана? Көрсө, кеменгер Айтматов ушуну айткан турбайбы. «Муну эл өзү түшүнүү керек» дейт. Ушундан улам кыйладан бери экрандан, жолдон көзүмө көп уруна берип, кыжалат ойлорго ороп, сарсанаага салып келаткан эл арасындагы айрым-айрым жагымсыз көрүнүштөрдү «үч кайрык» сөз ыкмасында ортого салайын.

Биринчи кайрык: Ак калпак кыргыз арасында ошондой үлгүдөгү кийизден жасалган кара калпак кийгендер көбөйдү. Тээ эгемендик алган жылдардын оро-парасында алыскы атбашылык жердештерим аскер шинелинен жасалган ушундай өңү суук калпактарды «кир көтөрүмдүү» деп кие башташкан эле. Бийик тоолуу жерде кытай спиртинен «кылт» этип, кара калпак кийген кайбарларыңдын кейпи койдун куйкаланган шыйрагына куп окшошуп, зээнди кейитчү. Кудай жалгап, эстүүлөрү тыйып, кийин кийбей калышкан. Ал эми өткөн күздө президентибиз Баткенге барганын телевизордон көрүп отурсам, жолугушуу жыйынга катышкандардын далайы кара калпакчандар экен.

Ак калпакты кыргыз көйрөңдүктөн же көпкөндөн кийдиби? Ушул суроого белгилүү санжырачы Сыргак Сооронкулов аксакалдын айткан икаясы жооп бергендей мени муюткан. Ооба, анда байыркы жоокердик заман экен. Жесир эненин «Беш кашка» атыккан баатыр уулдарынын улуусу капилет кол салган душмандар менен болгон түнкү кармашта өз инисин аңдоостон кылыч менен жайлап салып, энесинин алдына инисинин жансыз денесин теңселе көтөрүп келет. Ошондо кайгыдан карайлап тур-са да кайраттуу байбиче алдында салынып отурган ак кийизди кестик менен кескилей төрткө бөлөт да, баш кийимге окшоштуруп шоона менен жөрмөй, калган төрт уулуна кийгизет да, «эл, жериңер үчүн жоого аттангыла, балдарым, башыңардагы ак калпак эми эч адаштырбайт! Мындан кийин алыстан эле бири-бириңерди таанып жүрөсүңөр» деген экен.

Байыртан көчмөн жашоодон келген, маселен, монгол, калмак, береги казак тууганыбыздын да баш кийими кийиз калпак, турагы боз үй болгон. Бирок, кыргыздыкы өзгөчө го, аппак, көркөм, шөкөттүү го. Андыктан акты бузба, ата-баба салтын сакта, кыргызым! Кир көтөрүмдүү же мода деп бузукунун тилине кирип, дилин, изин ээрчий бербе. Ак мөңгү Ала-Тооңо өңдөш жалгашкан, ыйык мекенди коргоо үчүн жаралган ак калпагыбыз сыйлуу турсун, кадырлуу болсун.

Экинчи кайрык: Албетте, айланайын апа-энелердин ак элечеги тууралүу болоор. Бир далай жылдардан бери келаткан «Ала-Тоо айымдары» аталыштагы байма-бай кароо-конкурстарды телевизордон көрүп отуруп, андагы сүлкүлдөй «акыя» айткан, «Адам бала- «кыпылдама» деп кылтылдай бийлеп аткан улгайган ак элечек кыргыз аялзатын көрүп отуруп, жети өмүрүм жерге кире беймазага түшөм, телевизорду бураганча шашам, эй!

Бу неси, мен ошончо эле эркектаналык дымагы күч, өзүмчүл жанмынбы? Заман ыргагынан артта калдымбы?

«Ала Тоо айымдары» аркылуу энелердин коомдогу ордун аныктайлы. Баркын көтөрүшүбүз керек» дейт депутат айым. Ээ катыгүн, энелердин коомдогу орду эзелтен, жаратылгандан эң алды үй го, ыйык коломто го?! Ошондон экономикасы жетишкен Япония аялдарын жарым күн гана иштетип, калган убактысын үйдө бала төрөп, алпештеп тарбиялоого арнаганга ыңгайлуу шарт түзүп беришет. Болбосо, баардыгы ачык айкын, тең укуктуу, мыкты жашап аткан Батышта «үй-бүлө күтүп, баш оорутуунун кажети канча?» деген трагедиялуу жашоо чайлап-коолап келатпайбы. Ансыз да аз кыргыздын көп аялдары ар кандай коммерциялык фирмалардын, диний секталардын жетегинде уюшуп алып, көчөлөрдө, кафелерде ар кимди арбап, үгүттөп, бура бастырбайт.

Ак элечек да ак мөңгү Ала-Тообуздун символу экенин эстейли, эжекелер! Кайран көчмөн доордон ак элечек, бери болгондо берегидей зор маанини аркалап, милдет аткарып келди. Ак элечек энелер ат үстүндө небере өнөрүп, учкаштырып, жүктүү нарды жетелей көч баштаган. Ак элечек көч үстүндө төрөлгөн ымыркайга ороончу болгон. Ак элечек жоо чабышта жаралууга таңуу, өлсө кепин болгон. Ак элечек улгайган кадырман аялзатына даража – титул болгон. Демек, бийлегиң келсе бийлей бер, асты ак элечектин кадырын кетире көрбө…

Үчүнчү кайрык: Калааларды каптап, модага айланып, а жегичтердин жемканасы болгон кашайган кара темир тосмолору жөнүндө болсун. Аныгында алгач Акаев бийлиги доорунда Акүй айбаттуу кара темир торго бекем курчалды. Анан Кудай бердиби, окуу жай, сот, банк, оорукана дебей баардык мамлекеттик мекеме, ишканалар биринен бири өткөн калың, бийик, кымбат темир тосмолор менен чулгай башташты. Булар мынчалык кимден коргонушат? Малданбы, иттенби, адамданбы? Же күрүч эгеби? Кыскасы, ошондон бери тосуп коргондоп атышат. Мамлекеттин акчасын ошол мамлекеттин жарандарынан коргонуш үчүн чачып жатышат.

Бирок, аттиң, «Коррупция жетинчи кабатка жетти, силерди Манастын арбагы урсун!» деп экиленген анткор Акаевди, «Акүйдү керек болсо автомат менен коргойм» деп дөгүрсүгөн Бакиевди асмандаган кара темир тор тосмолор коргоп калган жок. Анда эмне үчүн жанталашып тосуп жатышат? Албетте, жеш үчүн го?.. Демократиялуу ачык коомдун «тосмолонгон жабык короосу» мындан башканы айттырбайт.

Айла кеткендеги айтар сөз, сан миң жылдар бою боз үйүнө кулпу салганды билбеген кайран элдин урпактарынын кадыры, абийири да кара тумоодой каптаган карарган темир тор тосмо-коргондорго камалып калбаса экен, байланып калбаса экен деп, улуу жараткандан тийлели.

 Дүйшөн Керимов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: