Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык жылуулук-электр борборунда катталган авариялык кырдаалдын себебин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны өттү.
Бишкек ЖЭБине барган комиссия мүчөлөрү аталган жайдын иштөө тартиби менен таанышты. Ошондой эле эл өкүлдөрү жылуулук борборунун жаңыланган бөлүгүн жана химиялык цехин да көрүп чыгышты.
Комиссиянын төрагасы Улан Примов калаа тургундарынын кыш чилдеде жылуулуксуз калышына Бишкек ЖЭБиндеги жетекчилик менен тиешелүү кызматкерлердин абалга толук көзөмөл кылбагандыгы түрткү болгонун билдирди. Ошондой эле көчмө жыйын жүрүшүндө авариялык кырдаалдын себеби катары суу кампалардагы химиялык туздан арылтылган суунун өлчөмү кескин түрдө азайтылгандыктан, жабдуулар иштен чыккандыгы айтылды.
Андан соң комиссия мүчөлөрү Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалдын келип чыгышын Жогорку Кеңештин имаратында талкуулашты.
Эске салсак, ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулар иштен чыгып, калаа тургундары жылуулуксуз калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ