Данир Иманалиев БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Буга чейин Иманалиев Ысык-Көл районунун акими болуп иштеген. Ага чейин ал аймактагы эң ири райондордун бири болгон Кара-Ой айыл өкмөтүн жетектеген.
Ушул жылдын август айында ал “Мекеним Кыргызстан” партиясынан парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткен. Бирок кийинчерээк талапкерлердин тизмесинен чыгып калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ