Menu

Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги Самат Курманкуловдун ден-соолугу жакшырып келе жатат

Бөлүшүү:

Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги Самат Курманкуловдун ден-соолугу жакшырып келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда жарандык активист Мелис Аспеков Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал бүгүн Самат Курманкуловдун ден-соолугун билүү үчүн анын үйүнө барып келген.

Бүгүн Сокулук районунун Шалта айылынын чыгаан уулу, бычакка сап болгон мыкты азаматы, милициянын полковниги Самат Курманкулов агамдын ден-соолугун сурап келдим. Үй-бүлөсү тынч, ден-соолугу турукташып, жеңем Аиданын маанайы жайдары, Кудай буюрса баары жакшы болуп келе жатат аларда“, – деди Мелис Аспеков.

Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр 7-августта Алмаз Атамбаевдин үйүнүн алдында анын тарапкерлери Чүй облустук милициянын начальниги Самат Курманкуловду артынан таш менен башка урган. Алган жаракаттан улам ал комага түшүп, эки жолу операция болуп, жакшы жыйынтык болбогондон кийин 12-августта Москвага жөнөтүлгөн. Москвадан өлкөгө 6-апрель күнү кайтып келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: