27-ноябрда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерине 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын накталай түрүндө пара берип жаткан жеринен Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Б. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, кармалган Р.Б. УКМК кызматкерине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн акча каражатын берген.
Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардыын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ