Menu

“Апрель” кимдин уйкусун бузуп жатат?

Бөлүшүү:

Өткөн жылдын этегинде «ар намысыбызга шек келтирди» деген жүйөө менен саясатчылар, ЖКнын экс-спикери Ахматбек Келдибеков, экс-Башкы прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложниковду сотко берген. Аталган үчөө өздөрүнүн «жабыр тарткан ар-намыстары үчүн» ар бири 3 миллиондон Атамбаевден 9 миллион, «Апрель» телеканалынан 3 миллион жалпысы 18 миллиоң сом төлөп берүүсүн билдирген эле. Алардын антүүсүнө жалпылап айтканда өткөн жылдын 10-ноябрындагы А. Атамбаевдин «Апрель» телеканалына берген маегинде аталган үчөө тууралуу «өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүшүп кантип кантип мультимиллионер болуп чыга келишти… ?» деген маанайда айткан сөзү тигил үчөөнүн «ар-намыстарына» доо кетириптир. А бүгүн Атамбаевди – айрым массалык маалымат каражаттары, кай бир саясатчылар эмне деген гана сөздөр менен жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап жатышат. Арасында оозго алгыс сөздөр да айтылып жатат. (Алды артын аңдабай атасынан калган өчтөрү бардай шыбап жатышат.) Мындайда «кой, уятк го?» деген кожо жок. А бир чети азыр мезгил башка, «эмне болсо да ошолор сүйлөсүн» деген замандын ыргагында турабыз. Жаманы, коомубузда акыркы бир жыл ичинде болуп жаткан ушундай окуялар (айрыкча кадрдык чехардалар, тандалма күрөш) азыркы тапта далайлардын кыжырын келтире баштаганы да чын.

Ал эми аталган үч саясатчынын берген доо арыздарынын үстүнөн болуп жаткан процесстер кандай болсо да ишти
эртерээк жаап, өкүмүнүн ким дир бирөөлөрдүн пайдасына тезирээк чечип берүү гө жандалбастап жатат. 26-февралда жоопкерлер тарабынан «ар намысына доо кеткендердин» байлык-мүлкүн атайын кызматтар аркылуу билели, бүл адилеттүлүк керек» десен өтүнүчүнө сот макул эместигин билдирди. Ошентип судья тарабынэн ар-намыстарына доо кеткендердин» байлык-мүлктөрүн Мамлекеттик кызматы аркылуу текшерүү боюнча сунуш негедир четке кагылды. (Айтмакчы, азыр бир топ маалымат булактарында Келдибековдун, Бекназаровдун, Дүйшөбаевдин же аларга жакын адамдардын сан жеткис байлык мүлктөрү туурасында маалыматтар шурудай тизмектелип турат. Аны кандайча түшүнөбүз?)

Экинчиси, ошол эле сот процессинде жоопкер тарап Атамбаевдин маегинде айтылган сөздөр боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн суранышса ага да «жабыр тартуучулар» каршы чыгып, сот бул ирет да ал сунушту четке кагып, тигил үчөөнүн пайдасына чечип койду.

Буга чейин Кыргызстан жаныбыздагы кошуналарга салыштырмалуу экономикабыз ашып-ташып кетпесе да алардан алда: канча артыкылыгыбыз – биз сөз эркиндиги бар мамлекет катары эсептелчүбүз. Мындай баалуулук жер планетасындагы ар бир эле өлкөнүн элинин шыбагасына буюрган эмес. Мунун мазмуну терең. Сөз эркиндигинин эң негизки жери – ошол бир өлкөнүн маховиги, күрөө тамыры болгон саясий элитанынын калпыс жактарын жана кудурети күчтүүлөрдүн (каратып туруп) күчкө салып оозду жапканын жактырбайт. Сөз эркиндиги аты айтып тургандай эле бийликтин ээси болгон элдин эң ыйык нерсеси: эркиндиги, укугу! Сөз эркиндигин муунткан цензура тоталитардык башкарууга умтулган бийликте же тоталитардык башкаруу орногон өлкөдө гана өкүм сүрөт. Муну менен биз эмнени айткыбыз келет? Коомдун өнүгүп-өсүшү үчүн сөзсүз альтернативалык атаандаштык керек. Эл ошондо кимисиники туура, кимисиники жөн эле кургак экенин аныктаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анан талаштан тактык жаралып, бийлик болсо коомго пайдалуу көрүнүштөрдү кабыл алып, өлкөнүн иши да жаманды, аксаганды  иргеп салып, алдыга жылууга шарт жаралат. Ал эми массалык маалымат каражаттарына келсек алар ар качан болсо да коомдун пульсун аныктап берип келген. Ошон үчүн алар төртүнчү бийлик. Бул жаатта, мисалы телевидение жагын алсак (азыр көч башында баратат делген )эки эле каналды миса-га алалычы, бири мамлекеттин эсебинен каржыланып, багылып миндеген адамдар иштеген УТРК. Экинчиси, коомдогу болуп жаткан окуяларга калыс, ачык, таасын маалыматты таратып жаткан, коллективинде эки кишинин төрт манжасынын айланасындагы санда иштеген «Апрель» көз карандысыз телеканалы. Азыр болсо ар-намысы жана моралдык жактан «таптаза» болгон үч саясатчынын колу менен ошол көз карандысыз теле канал, андагы сөз эркиндиги басмырланганы турат. Кимдер эмне максатты көздөп жатса да сөз эркиндигине жасалган мындай кадам таптакыр туура эмес. Жана дагы бир нерсе: маа демектен кандай гана тиран болбосун сөз эркиндигине кысым кылып анын натыйжасында коомчулуктан аброй табам деген саясаты же чиновникпи эч качан аброй тапкан эмес, таппайт дагы. Себеби, акыйкат деген ал чөкпөйт. Атайлап күч менен чөктүргөн күндө да бир убакта кайра калкып чыгат. Ошондуктан жогорку үч саясатчыдан миң эсе акылдуу акылман бабаларыбыз «ак ийилет, бирок сынбайт» деп бекеринен эле айт кан эмес да!

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: