Menu

Мукар Чолпонбаев, Легендарлуу парламенттин спикери: “Атамбаев сотко барбай, мыйзамды сыйлабастыгын көрсөттү!”

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумдарга барбай мыйзамдарды сыйлабастыгын жана мыйзамдарга баш ийбестигин керсөтүүдө. Мындай пикирин КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

“Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен мыйзамдарды таптакыр сыйлабастыгын көрсөттү. Негизи мыйзам боюнча чакырганда келбесе, аны катыштырбай эле сот процессин жүргүзүп ишти карай берсе болот. Азыркы мыйзам буга толук мүмкүнчүлүк берет. Атамбаев ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан соттордун 90 пайызын өзү дайындаган”,-дейт Чолпонбаев.

Ал ошондой эле, Азиз Батукаевдин чоң кылмышкер экендигин жана анын бошотулуусуна тиешеси барлардын баары мыйзам алдында жазасын алуусу керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, “Батукаев маселесинде саясий боёк бар дегенге ишенбейм” – деди. Бүгүнкү күндө Батукаевдин бошотулуусу боюнча иш мыйзам чегинде каралып жаткандыгын жана бул маселе аягына чыгарына ишенерин белгиледи.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: