Menu

Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр киргизилүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште “2009-жылдын 9-июнундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутаттар ЕврАзЭБдин Кризиске каршы фондунан азыркы кезге чейин канча каражат алынганына, каржы уюмунун кароосунда кыргыз тараптын канча долбоору турганына кызыкты. Ошондой эле, өкмөт насыяларды үзгүлтүксүз алып жатканы, Кыргызстандын тышкы карызы барган сайын өсүп баратканы, аларды төлөй алар-албасыбыз тууралуу сөз жүрдү.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Кыргызстан Кризиске каршы фонддон 200 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя алган. Ушу тапта фонддун кароосунда дагы 4 долбоор берилген: Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн кезетеги фазасы; “Кочкор-Ата – Арал – Суусамыр” альтернативдүү жолу; ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо. Андан сырткары, 20 млн доллар өлчөмүндөгү каражатка айыл чарба техникалары алынды.

“Насыя каражаттары негизинен өлкөнүн инфратүзүмдөрүн жакшыртуу багытында алынууда. Мөөнөтү келген насыялар убагында төлөнүп жатат. Калган насыяларды деле төлөп турууга мүмкүнчүлүк бар”, – дейт министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: