Menu

Урмат Акулуев, КРнын Юстиция министрлигинин нотариалдык жана апостилдештирүү башкармалыгынын башчысы: “Бизге чыныгы демократия, мамлекеттик бекем тартип зарыл”

Бөлүшүү:

Учурда мамлекеттик нотариалдык орган Конститутциялык жана мыйзам ченемдүү бекемдөөгө алынып, эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин укук коргоо органдарынын арасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келүүдө. Алар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана нотариат жөнүндө Мыйзамдарга, актыларга ылайык иш жүргүзүүшүдө. Нотариустардын ишмердүүлүгү жөнүндө КР юстиция министирлигинин нотариалдык жана апостилдештирүү башкармалыгынын башчысы, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, жогорку билимдүү өз эмгегинин өтөөсүнө чыгып, тандап алган кесибин абийирдүүлүк менен аткарып келаткан, принципиалдуу адам укугун сыйлаган өлкө түзүүгө жан оту менен берилген, бул кызматка чейин Чүй-Бишкек, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгын жетектеп, бай тажрыйбасы бар Урмат Акулуевди маекке тарттык.

– Урмат Шабынович, учурдагы нотариустардын милдети жөнундө жана алар кайсы мыйзамды жетекчиликке алып иштешүүдө, алгач ушул суроого токтолсоңуз ?

– Азыркы мезгилде чыныгы демократияны, мамлекеттик бекем тартипти, мыйзам бийлиги күчтүү ички жана тышкы экономикалык саясатты президентибиз С.Ш. Жээнбеков тарабынан ийгиликтүү иш жүзүнө ашырылып келатат. Сурооңузга сарасеп салсак мамлекеттик жана жеке нотарустардын негизги милдети жеке жана юридикалык жактардын укуктарын мыйзамдуу талаптарын коргоо аларга көмөк көрсөтүү, нотариалдык аракеттеринин келечек натыйжаларын эскертүүгө, кесиптик иштерди жүргүзүүгө байланыштуу болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого, эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу болуп саналат. Нотариустар КР «Нотариат жөнүндө» мыйзамын жана КР башка мыйзам актыларын, КР Юстиция министирлигинин буйруктарын жана нускамаларын, ошондой эле башка мамлекеттик бийлик органдары жана мамлекеттик башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде чыгарган актыларын жетекчиликке алып иш аракеттерин жүргүзүшөт. Бизге чыныгы демократия, мамлекеттик бекем тартип зарыл.

-Президентибиз жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата сиздерде кандай иш-чаралар өтүүдө?

-2019-жылдын 20-сентябрынан баштап Бишкек шаарынын аймагында “Электрондук нотариат” маалыматтык тутуму тесттик режиминде иштөөдө. “Электрондук нотариат” программалык камсыздоосу Бишкек шаарынын мамлекеттик нотариалдык кеңселеринде орнотулган. Тестирлөөнүн жүрүшүндө аныкталган бардык кемчиликтер программалык камсыздоонун иштеп чыгуучулары тарабынан жоюлат. “Электрондук нотариаттын” киргизилиши нотариустарга “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу саналган секунддар ичинде кардарлар жөнүндө маалымат алууга жана анын документтерин тастыгын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Кардарлар үчүн нотариалдык иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон айрым мамлекеттик органдарынан маалым-каттарды (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жөнүндө, мүлккө камак боюнча, үй-бүлөлүк абалы тууралуу ж.б. алып келүүнүн зарылдыгы болбойт. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалымат документтин (QR-кодуна бекитилип, ал аркылуу документан аныктыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул маалыматтык тутумунун ишке киргизүу нотариустар тарабынан мыйзамсыз жана жаңылыш иш-аракеттерди жасоо мүмкүндүгүн жокко чыгарып, алардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат. Бул тутум башка нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдө кылмыштардын санын төмөндөтүүгө нотариат чөйрөсүндө мыйзамдуулуктун аткарылышынын көзөмөлүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
“Электрондук нотариат” программалык камсыздоосун иштеп чыгуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Мындан сырткары облустук, райондук нотариалдык контораларына электрондук билдирүүлөрдүн бирдиктүү системасын, санариптик төлөмдөрдүн бирдиктүү системасынын долбоорун киргизип аны иш жүзүнө ашырууну белгилеп жатабыз.

– Мамлекеттик нотариустарды ротациялоо иштери кандай тартипте жүрүүдө ?

– Белгиленген жобого ылайык нотариустарга семинар-кеңешмелер өткөрүлүп, коомдук бирикмелер менен жаңы мыйзамдар менен тааныштырылат. Мыйзамга ылайык коррупцияны алдын алуу максатында эки жылда бир нотариустар бир облустан же бир райондон башка жерге ротацияланат.

– Калкка акысыз юридикалык жактан жардам берүү боюнча нотариустардын кеңсесинен көрүүдөбүз алардын иштери жөнүндө учкай айта кетсеңиз ?

– Республикабыздын ар бир мамлекеттик нотариалдык контораларында атайын акысыз юридикалык кеңеш берүүчү бөлмөлөр ачылган. Ал жерде тажрыйбалуу адистер кайрылган калкыбызга бекер юридикалык консультацияларын айтып, андан сырткары жаңы мыйзамдар боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: