“Кыргызстан” фракциясынын депутаттары сотто Дамирбек Асылбек уулуну колдоого Алматы шаарына барышат. Бул тууралуу маалыматты фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Анын айтымында, соттук отурум 2-ноябрга белгиленген. Азырынча кимдин бараары белгисиз, тизме такталууда.”Фракциянын эки мүчөсү барат. Ал мурунку депутат болсо дагы биздин коллега да, биз аны колдошубуз керек. Дамирбектин контрабандага тиешеси бар экенине ишене албай турам, кандай атактуу спортчу эле”-деди Баатырбеков.
Эске салсак, Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылган, анткени анын кош жарандыгы бар тууралуу маалымат тастыкталган.
Дамирбек Асылбек уулуна трансулуттук кылмыш уюмунун курамында экономикалык контрабандага тиешеси бар деген айып тагылган.
Уланбек Мурадилов, Дамирбек Асылбек уулу, Эмилбек Кочкорбаевдер 15-16 февралда Казакстанда кармалган. Кош жарандыгы бар Асылбек уулуну контрабандалык топтун башчысы деп аташууда. Апрелде БШК аны мандатынан ажыраткан.
Дамирбек Асылбек уулу Казакстан Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин “Трансулуттук кылмыш тобун түзүү жана анын курамында катышуу”жана “Экономикалык контрабанда” беренелери боюнча соттолот.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ