Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 31 адам;
– Нарын облусунан – 2 адам,
– Жалал-Абад облусунан – 5 адам.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 783 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ