Menu

КРнын Тышкы иштер министрлиги Түркия Республикасынын Элчисин сабырдуулук көрсөтүп, Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырат

Бөлүшүү:

2019-жылдын 6-июнунда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө Элчинин, Женгиз Камиль Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына Министрликтин нотасы тапшырылды.

Министрлик Түркия Республикасынын Элчисин өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: