Menu

Ошто жаңы оорукана балдар инфекциялык клиникасынын аймагында курулат

Бөлүшүү:

Ош шаарында жаңы оорукана балдардын жугуштуу оорулар клиникасынын аймагында курулат. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Алардын айтымы боюнча, кийинки жумада баштала турган курулуш иштеринин долбоору даярдалып жатат.

“Балдар ооруканасынын аймагы чоң, ошондуктан ал жерден участок бөлүнгөн. Учурда долбоор жасалууда. Мурда жарыялангандай, бардык чыгымдарды өкмөт көтөрөт”  деп айтылат маалыматта.

Бирок, азырынча курулуштун подрядчиги ким экени белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында тез арада ооруканаларды куруу зарылдыгын билдирген. Ал курулуш иштери кийинки жумада баштоону тапшырган.  Курулушка Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги жооптуу орган болуп саналат. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканаларды керектүү медициналык шаймандар менен жабдуу жана кадр даярдоо жоопкерчилиги тапшырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: