Депутат Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын маалымат борборундагы жыйында билдирди.
Ошондой эле, Мухаммедкалый Абылгазиевге пандемия учурундагы мыйзамсыз аракеттер фактысы боюнча алты кылмыш иши козголгон эле.
“Ага да кылмыш иши козголгон жок, бирок тергөө далилденсе, анда козголот”, – деп билдирди Зулушев.
Эске салсак, буга чейин Сыймык Жапыкеев үч саясатчы – депутат Асылбек Жээнбеков, Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголгонун, ал тургай тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айткан.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча иштердин катталгандыгы бар же жок экендиги боюнча түшүндүрмө берген жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ