Menu

Бишкекте мыйзамсыз иштеген 5 медресенин иши токтотулду

Бөлүшүү:

Свердлов районунда алты медресе текшерилип, жыйынтыгында, анын бешөө уруксат жок, начар шартта иштеп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова массалык маалымат каражаттарына кабарлады.

Анын айтымында, тийиштүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн рейдде аталган райондо жайгашкан беш диний окуу жайынын шарты начар экени аныкталган. «Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан «Биринчи кадам», «Абубакир Сыдык», «Муртазали», «Ыйык биримдик» жана «Мускан Торо» медреселери каттоосу жок иштеп жатканы маалым болду. Бул медреселерде балдар эч кандай китеп, дептер, калемсап жок эле окуп жатканын көрдүк. Биринде да гигиеналык норма сакталган эмес, ошондой эле дин иштери боюнча комиссия менен мусулмандар дин башкармалыгынан каттоодон өтүшкөн эмес. Мындан улам аталган мекемелер тиешелүү документгерин даярдаганча анын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча каттар тиешелүү жактарга жиберилген.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: