Menu

Тажикстан Сириядагы жарандарын кайтаруу үчүн Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүүдө

Бөлүшүү:

Аль-Хасака лагери

Тажикстандын Кувейттеги элчиси сирия бийлиги, Эл аралык Кызыл Чырым Комитетинин өкүлдөрү менен жолугуп, бул өлкөдөгү лагерлерде кармалып турган замандаштарын мекенине кайтаруу маселелерин талкуулады.

Тажикстан ТИМи билдиргендей, Кувейттеги Аль-Хол жана Ал-Хасака лагерлеринде ИМ террордук тобунун жоочуларынын үй-бүлө мүчөлөрү болгон 500дөн ашуун тажик аялдар жана балдар кармалып турат.

Элчи Зубайдулло Зубайдзода учурда Дамаскта иш сапар менен жүргөнүн айтып, жакын арада тажикстандык жарандар мекенине кайтарынан үмүт артып жатканын билдирди.

2017-2018-жылдары “Ислам мамлекети” террордук тобу жеңилгенден кийин тажикстандык аялдар менен балдар Сириянын шаарларындагы лагерлерге жайгаштырылган.

Тажикстан бийлиги аларды алып келүү планын нечен жолу жарыялаган, бирок пандемияга байланыштуу бул маселе улам кийинкиге жылдырылып келген.

Ошол эле маалда тажикстандык жарандар учурда күрддөрдүн көзөмөлүндөгү лагерлерде турушат. Бул күчтөр Сирия бийлигине баш ийбейт. Ошондуктан тажик эксперттери расмий Дамаск менен сүйлөшүү аларды кайтарууда өзгөчө деле мааниге ээ эмес экенин айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: