Menu

Мирлан Бакиров, вице-спикер: “АКШнын элчиси Дональд Лу мамлекетибиздин ички иштерине аралашып жатат”

Бөлүшүү:

“АКШ менен 1990-жылдан бери дипломатиялык мамиледе жашап келе жатабыз. Акыркы мезгилде “тажрыйбалуу” деп эсептелген 28 жылдык тажрыйбасы бар элчи Дональд Лу мамлекеттин ички иштерине аралашып, сот жана тергөө иштерине таасир эте тургандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги үстүртөн өзүнүн жообун берди. Ал кишинин пикири бир мамлекеттин пикири катары бааланат” – деп билдирди бүгүн, 10-декабрда вице-спикер Мирлан Бакиров ЖКнын жыйынында.

Ал Вена конвенциясында дипломаттар иштеген мамлекеттин мыйзамдарын жана эрежелерин сыйлап, өлкөнүн ички ишине кийлигишпеши керек деп айтыларын эске салды.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылы 2-ноябрда каттоодон өтүп, шаардык кеңештерге шайлоолорго катышып, ийгилик жаратып келген партия. Партия – бул коомдук уюм. ТИМ дагы өз жообун айтты. Ошондуктан мындан ары дипломатиялык келишимдерди сактоосуна сунуш берет элем”, – деди ал.

“Кыргызстандан 700 миллион долларды алып кетүү боюнча билдирүүсү менен АКШнын элчиси Дональд Лу депутаттык комиссияна да шек келтирип жатат. Депутаттык комиссия жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү иликтеп чыкты. Ал акчанын Матраимовго тиешеси жок экенин аныктаган. Эгерде кандайдыр бир суроосу болсо, анда аны сот менен аныктап чыкса болот. Ал биздин ички маселебиз жана парламенттин ыйгарым укуктары”, – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Интерньюстун “Умтулуу” сыйлыгынын тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – Раим Миллиондун кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө экенин айткан.

“Бирок ал эмне үчүн ушунчалык маанилүү? Уюшкан кылмыштуулук Кыргызстанда Совет мезгилинен бери эле болуп келген жана өнүккөн. Бирок ал өткөн жылга чейин ар дайым көмүскөдө жашап келген. Azattyk, KLOOP, OCCRP, Factcheck.kg жана ондогон социалдык медиа журналисттеринин тайманбас журналистикасы уюшкан кылмыштуулук жөнүндө коомдук талкууну баштады. Бул өкмөттү жооп берүүгө аргасыз кылды” – деп айткан ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: