Элдик дарыгер Оморбай Нарбеков табигый тектеги экологиялык таза ингредиенттерден жасалып, (буудай, жүгөрү, арпа, сулуунун уну, кызыл мыя, адрашман жана ит муруттун) адамдын организмин тазалай турган дары ойлоп таап, элге тартуулады. Аталган дарынын составында биофлавиноид, пектин, А,С,В тобундагы витаминдер, микроэлементтерден: калий, кальций, темир, магний, хром бар. Ал төмөнкү ооруларга даба болот:
Дем алуу органдары: бронхит, көк жөтөл, бронхиалдык астма, аллергия, туберкулез, боор жана өттүн өнөкөт оорулары, минералдык зат алмашуунун бузулушу, калькулездик холецстит, ашказан жана он эки эли ичегинин жарат оорусу, ичегидеги спастикалык колит, адиссон оорусу жана бөйрөк үстүндөгү чел кабыкчалардын гипофункцияларына, кант диабети жана семирип кетүү (өзгөчө балдарга),тери оорулары – экзема, псориаз, аллергиялык дерматиттер, уулануу жана радиациялык жабыркоо, анемиянын бардык түрлөрүн айыктырат, организмдин коргонуу күчүн чыңдайт, иммундук, нерв жана эндокриндик системалардын ишин калыбына келтирет.
Өлчөмү жана колдонуу ыкмасы: чоңдор үчүн – тамактануудан 30 мүнөт эрте, 100 мл күнүнө үч жолу, бир айга чейин. Ал эми балдар үчүн – тамакка чейин 30-50 мл жаш курагына жана оорунун кайсы этапта болгонуна жараша ичүү зарыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ