Menu

Чек ара жанындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, атап айтканда, кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо  боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгын талкуулашты.

Чек ара жанындагы кызматташтыкты бекемдөө, негативдүү көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Элчи С.Олимзода биргелешкен жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө түрткү берүү үчүн пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: