УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов алган дары-дармектерлен улам басалбай калганын 18-ноябрда дарылаган врачы, Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаев журналисттерге кабарлады.
– Азыр ал кайрадан текшерүүдөн өтүүдө, – деди медик, – Алган препараттар күчтүүүк кылып кетти окшойт. Эми ал баса албай калды. Ушундан улам азыр толук кандуу дарылоо алганы жок.
Эскерте кетсек, Мурат Суталинов үстүбүздөгү жылдын 7-майында Бишкек шаардык сотунун чечими менен ден-соолугуна байланыштуу эркиндикке чыккан. Ал 2010-жылдагы 7-апрель окуялары боюнча 12 жылга кесилген эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ