Menu

Тарых музейиндеги коррупция боюнча сотто Сапар Исаковдун сунушу кабыл алынабы?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-ноябрда Улуттук тарых музейдин жана Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушундагы коррупция боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда уланат.

Мурунку соттук отурумда, бул иш боюнча алты айыпталуучунун бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков соттук отурумду музейден өткөрүүнү сунуш кылган.

Эске сала кетсек, тарых музейин оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 102 миллион сом зыян тартканын Башкы прокуратура билдирген. Бул иш боюнча алты адам соттолууда. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева бар.

Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда: “тарых музейининин оңдолушуна мен өзүм куратор болгом. Келечекте биз сыймыктана турган тарых музейи болот,-деп Атамбаевдин “Апрель” телеканалына сүйлөп берген. Кийин иш козголгондо ага коюлган дооматтарды четке каккан жана кагып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: