Menu

«Антошка» тез татым жайындагы жарылууда жабырлануучулардын абалы кандай?

Бөлүшүү:

Бишкектеги жарылып, өрттөнүп, бир адамдын өмүрүн алган “Антошка” тез татым жайындагы кырсыктан жабыркаган төрт адамдын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жабырлануучулар Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарылануусун улантууда. Бейтаптар күйүк бөлүмүндө жатышат. Алардын абалы туруктуу.

Эске сала кетсек,  8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. Анда жабыркаган балдардын абалы менен Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы таанышып, жабырлануучулардын абалын билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү Саламаттык сактоо министрлигине жана жарылуунун, өрттөнүүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.

9-ноябрда «Антошканын» арендатору камалганын Бишкек ШИИБси билдирген. Ошондой эле бүгүн каза болгон кыздын ким экендиги аныкталган. Ошол эле күнү ӨКМ өрттүн чыгышынын алгачкы себеби жарыяланып, аталган ашкананын ээсине жазында эле эскертүү берилгени айтылды.

11-ноябрда ашкананын ээси ұй камагына чыгарылганы маалым болду.

12-ноябрда “Антошкада” кырсыктан кийин Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилээри айтылган жана текшерилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: