Menu

Кадыров Путинди өмүрүнүн аягына чейин Орусиянын президенти кылууну сунуштады

Бөлүшүү:

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Владимир Путинди өмүрүнүн аягына чейин Орусиянын президенти кылууну сунуштады.

Кадыров республика жетекчилери менен өткөргөн видеожыйында Орусиянын президенти тууралуу айтып, азыр «аны эч ким алмаштыра албай турганын», ал сыяктуу «дүйнөлүк масштабдагы лидер жок экенин» билдирди.

«Путиндин тушунда Чеченстан гүлдөп-өнүктү. Бүгүн биз укуктук мамлекетте, Орусия Федерациясында жашап жатабыз», — деген Кадыров. Сөзүнүн аягында ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жөнүндө айтып, республика жашоочуларын добуш берүүгө чакырган.

Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бирине ылайык, Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылып, ал өлкөнү 2036-жылна чейин башкарууга мүмкүнчүлүк алат.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Конституциясында кимдир-бирөөнүн өмүр бою президент болуусу каралбаганын билдирди.

Кадыров 2018-жылдагы президенттин шайлоонун алдында да Путин Орусияны «өмүрүнүн аягына чейин» башкарышы керектигин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: