Menu

Бишкекте КР Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйыны өтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын ченемдерин колдонуунун жүрүшү жана жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган, Соттук реформа боюнча кеңеш жана Өкмөт тарабынан жактырылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелердин каралышы күтүлүүдө.

Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева доклад менен чыгып сүйлөшөт.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Соттук реформа боюнча кеңештин чечими кабыл алынат.

Эске салсак, КР Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны 2018-жылдын 17-майында, экинчи жыйыны 2018-жылдын 27-декабрында өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: