Menu

Трамп: Түндүк Кореянын лидери баарын жоготуп алуу тобокелчилигине барууда

Бөлүшүү:

АКШ менен Түндүк Кореянын мамилелери начарласа, Ким Чен Ын “баарын жоготушу мүмкүн”. Бул тууралуу Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Ал Ким Чен Ын акылдуу экенин жана Сингапурда денуклеаризация жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин Кошмо Штаттардын президенти менен өзгөчө мамилесин бузуп алууну каалабай турганын айтты.

Трамп менен Ким Чен Ын 30-июнда Пханмунжомдо денуклеаризация боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга макулдашкан. Өзөктүк куралдан арылуу тууралуу макулдашуу февралда Ханойдо өткөн эки лидердин саммитинде ийгиликсиз аяктаган. 5-октябда АКШ жана Түндүк Корея өкүлдөрү эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу келечектерин талкуулоо үчүн Стокгольмдо жолугушуп, бирок бир пикирге келишкен эмес.

Трамптын твити кокустан пайда болгон жок. Буга чейин Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү Ким Сонг өлкөнү өзөктүк куралдан арылтуу маселеси АКШ менен талкууланбай турганын айткан.

Сонг Вашингтон президенттик шайлоо алдында ички саясий кызыкчылык үчүн Пхеньян менен диалог курууга умтулуп жатканын да кыйыткан.

Мындан тышкары Пхеньян Сохэ полигонунда өтө маанилүү ракеталык сыноо өтүп жатканын билдирген. Түндүк Корея бул сыноо жакынкы келечекте өлкөнүн стратегиялык абалына олуттуу таасир тийгизерин белгилөөдө. CNN телеканалы Сохэ полигонунун спутниктен тартылган сүрөттөрүнө таянуу менен Түндүк Корея ракета кыймылдаткычтарын сыноого даяр экенин маалымдаган.

Буга чейин Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын өлкө келерки жылы “жаңы жолго” чыгарын жарыялап, бирок ал тууралуу кеңири маалымат берген эмес. Reuters агенттигинин божомолунда, бул өзөктүк бомбаларды жана алыскы аралыктагы ракеталарды сыноо болушу мүмкүн.

Февралда Вьетнамда ийгиликсиз аяктаган сүйлөшүүдө Трамп Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан акырындык менен баш тартуу, анын ордуна санкцияларды азайтуу боюнча сунушун четке каккан. Америка тарап Пхеньян өзөктүк программасын толугу менен токтотушу керек деп эсептейт.

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ким Сонг Пхеньян Кошмо Штаттар менен Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууга багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин айтып, буга чейинки кездешүүлөр ийгиликке жетпей калганына Вашингтондун чагымчыл аракеттери, анын ичинде Түштүк Корея менен бирге өткөргөн аскердик машыгуу себеп болгонун билдирген.

Быйыл май айынан бери Пхеньян ракеталарын бери дегенде 13 жолу сынады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: