Menu

Кой-Таш окуясы Жеңиштин жеңиши менен аяктайбы?

Бөлүшүү:

7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча комиссия ишин жыйынтыктап калды. Ал окуяда укук коргоо органдарынын кетирген кемчиликтери, шалаакылыктары эске алынды же жокпу жакында билинет. Бирок ошол комиссияны жетектеген укук коргоо тармагынын куратору, вице-премьер Жеңиш Разаковго өткөн сандарда бир катар суроолорду берип кайрылдык эле. Негедир Жеңиш Парпиевич “көрбөйүн да күйбөйүн” дедиби же биздин суроолорго жообу жокпу ким билсин, айтор дымы жок. Бирок берилчү суроо көп. 7-8-августта болгон окуя боюнча кабары жок, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чогултуп, бир отурум өткөрбөгөн Жеңиш Разаковдун комиссияны жетектөөгө моралдык укугу барбы? Отурумду мындай кой ИИМ, УКМК жана Башкы прокуратуранын ортосундагы байланышты түзүп бере алган эмес. Андан тышкары комиссиядагы айрым генералдар Разаковдун колдон-колго өткөн, сымаптай куюлган касиетке ээ экенин билишип, бул кишиден түңүлүшүптүр. Ал тургай комиссиянын айрым мүчөлөрүнө суранып олтуруп, өзү тууралуу өзгөчө пикирди алдырганын, өзүнүн керт башын гана ойлоп, ИИМ менен УКМК боюнча өзгөчө пикирлерди калтырганын кандай түшүнсө болот. Жогорудагылардын баарын эске алуу менен комиссия күч түзүмдөрүнүн куратору Разаковдун да ишине сөзсүз баа бериши керек. Болбосо, комиссияга ишеним жоголот. Ушул убакытка чейин ишиңердин жыйынтыгы нөл болот.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: