Menu

Тегеранда мындан ары ислам дресс-кодун бузган аялдар камалбайт

Бөлүшүү:

Тегеран полициясы ислам дресс-кодун сактабаган аялдарды мындан ары камабайт, аларды тек гана кеңешме борборлорундагы окууларга жөнөтүп турат.

“Тегеран таймс” гезити 28-декабрда генерал Хоссейн Рахимиге шилтеме берүү менен ислам дерсс-кодун сактабаган аялдар камалып, аларга каршы сот иши ачылбай турганын жазды.

Иран басылмалары маалымдагандай, мыйзам бузгандар полициячылар өткөргөн окууларга катышышат. Дресс-код Тегерандан башка аймактарда катуу көзөмөлдөнгөн бойдон калат.

Тегеран аймаганда дресс-кодго байланыштуу 100дөн ашуун кеңеш берүү борборлору бар. 1979-жылдан тарта Иранда кийим кийүүнүн консервативдүү эрежелери сакталып калган. Бул тартиптерге ылайык, аялдар чачын жаап, узун жана кенен көйнөктөрдү кийүүлөрү зарыл.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: