Кечээ, 29-мартта ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев быйылкы жылы мыкты ийгиликтерди жараткан 8 спортсменге “Ыраазычылык катын” жана акчалай сыйлыктарын тапшырды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев быйылкы жылы спорт жаатында мыкты ийгиликтерди камсыз кылган облустун 8 спортсменине өзүнүн резервдик фондусунан 110 миң сом каражат бөлдү. Сыйлык алгандардын катарында Эсен Асанов Польшанын Будош шаарында болуп өткөн спорттун греко-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду камсыз кылган. Ал эми Руслан Тавалдиев Ашхабад шаарында болуп өткөн жабык типтеги V Азия оюндарында спорттун Алыш түрүнөн 2-орунду ээлесе, Шаршеналы уулу Мадаминбек, Кадыр Келсинбеков жана Илияс Нишанов спорттун ушул эле түрүнөн 3-орундарды ээлешкен.
Ал эми Чыңгыз Бегматов спорттун кикбокс түрүнөн Россия Федерациясынын Анапа шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк Кубокто 2-орунду камсыз кылган. Бактыгүл Абдисаламова Ашхабад шаарында болуп өткөн жабык типтеги V Азия оюндарында кыздар арасында спорттун кикбокс түрүнөн эки салмакта 1- жана 2-орунду багынткан. Рустамбек уулу Нурадин бокс боюнча жаштар арасында Өзбек Республикасынын Чирчик шаарында болуп өткөн Эл аралык мелдеште жана Азербайжан мамлекетинин Нахичеван шаарында өткөрүлгөн Гейдар Алиевдин XV Эл аралык кубогунда 1-орунду камсыз кылган.
Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев спорттун греко-рим түрүнөн 1-орунду камсыз кылган Калы Сулаймановду, спорттун самбо түрүнөн 1-орунду камсыз кылган Абдыманап уулу Уланды, спорттун сумо түрүнөн жеңишке жетишкен Алмаз Эргешовду, спорттун кикбокс түрүнөн мыкты ийгиликти камсыз кылган Шамил Мурзакановду жана жеңил атлетчи, Ашхабад шаарында жабык типтеги V Азия оюндарында аралыктарга чуркоо боюнча күмүш жана коло медалды жеңип алган Гүлшанай Сатарованы сыйлоого өзүнүн резервдик фондусунан 105 миң сом каражат бөлүп сыйлаган. Жалал-Абад областтык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Абдыжапар Капаров облус жетекчисине спортсмендерге такай көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип кетти.
Сыйланган спортсмендерди кирип келе жаткан 2018-Жаңы жылдары менен куттуктаган облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев спортсмендерге жаңырган жылда дагы спорттук жаңы бийиктиктерди багындырууларын чын дилинен каалап кетти.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ