Бүгүн, 1-сентябрдын кечинде болжол менен саат 21.00.дө Бишкек шаарына канатташ жайгашкан Лебединовка айылындагы белгилүү “Арзу” кафесинен өрт чыгып, натыйжада кафе дээрлик толук күйүп кеткен.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы да өрттү тастыктап, өрт өчүргүчтөр жөнөтүлгөнүн билдирди.
Өрт алгач кафенин ашканасы тараптан чыгып, 15 минутадан кийин жарылуулар болуп өрт күчөп кеткен. Кырсык башталган учурда кафеде 300дөй киши болгон. Алардын дээрлик баардыгы аман-эсен кафеден эвакуацияланган. Болгону бир жаран өрттөн чыккан газдан ууланып, “тез жардам” аны ооруканага алып кеткен.
Видео Бөрүбек Кудаяровдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ