Menu

Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл койду

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук  тарыхый-мемориалдык комплексинде болду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаев  шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек  Жумабековдун, Премьер-министр Сапар Исаковдун, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын коштоосу менен 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясый  репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Ч.Т.Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Андан кийин  Мамлекет башчысы  менен  коштогон адамдар 2010-жылдагы  Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына барып, куран окутушту.

Ошондой эле  Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн  алкагында  Президент Алмазбек Атамбаев  менен шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот  бийлик бутактарынын башчылары  Бишкектеги Жеңиш аянтына барып, 1941-1945-жылдардагы  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин элесин  эскерип, Түбөлүк отко гүл коюшту.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө  арналган, анын ичинде  Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу тиешелүү иш чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: