Menu

Сот-укуктук реформалардын иш-чараларын мониторинг кылуу боюнча жумушчу топ Ысык-Көл жана Нарын областтарында көчмө иш-чараларды өткөрөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот реформасы боюнча Кеңештин катчысы, КР Президентинин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаевдин жетекчилиги астында 2019-жылдын 9-июнунан 13-июнга чейин Сот-укуктук реформалардын иш-чараларын мониторинг кылуу боюнча эксперттик  жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда Ысык-Көл жана Нарын областтарында көчмө иш-чаралары өткөрүлөт.

Аталган иш-чаралардын негизги максаты — жаңы кылмыш-жаза укуктук мыйзамдарынын алкагында тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө болуп саналат.

Көчмө иш-чаралардын жүрүшүндө пробация органдарынын учурдагы иши, сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен таанышуу пландаштырылууда, ошондой эле тийиштүү органдардын өкүлдөрү менен  укук коргоочулук практикасын түзүүгө байланыштуу пикир алышуу жана консультативдик жолугушуулар өткөрүлөт.

Жогоруда аталган иш-чаралардын жыйынтыгы менен эксперттик жумушчу тобунун мүчөлөрү жыйналган маалыматтардын негизинде анализ жүргүзөт, белгилүү сунуштамалар иштелип чыгат жана андан ары тийиштүү аткаруучу мамлекеттик органдарга багытталат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын  22-майындагы № 124 «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында сот адилеттигин жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Эксперттик  топтун курамына Президенттин, Өкмөт Аппараттарынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: