Улуттук идимдер академиясынын Физика-техникадык, математикадык жана тоо кен-геодогиялык идимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев КМШнын «Кызматташтык жылдызы» Мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу УИАсынын басма сөз кызматы билдирди. Алтай Бөрүбаев «Илим жана билим берүү» номинациясы боюнча 2016-жылдын эсеби менен сыйлыктын лауреаты аталып, 2 млн. рубль акчалай сыйлык алган. Аталган сыйлык илимпозго дүйнөлүк илим жаатындагы биринчи класстагы илимий-изилдөөлөрдү байыткандыгы, математикалык ири маселелерди чече билгендиги, орто жана жогорку мектептер үчүн оригиналдуу базалык окуу куралдарын жана бир катар окуу-өндүрүштүк комплекстерди жазгандыгы үчүн ыйгарылган. Лауреаттарга сыйлык тапшыруу аземи жакынкы арада Москва шаарында болот.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ