Menu

Расул Үмбөталиев: Азамат Абдыкадыров мыйзамсыз энергохолдингди жетектеп отурат

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү отун-энергетика жаатын иликтеп-жиликтемей жагынан, бул инсан алдыга эч кимди салбаса керек. Ошол себептенби, анын бул жааттагы айткан ар бир кеби ынанымдуу болуп, далилдүү кептер менен коштолмою бар. Биз бул сапар да учур кырдаалынан суроо салдык. Каарманым күрдөөлдүү кептен сөз учугун улады.

-Расул мырза, ноябрь айындагы кыштын алгачкы эпкини элибизди бир топ түйшүккө сала жүдөтүп, табияттын алгачкы коңгуроосу кыштын кандай болорун боолгологонсуду окшойт. Сырттагы абалды эске алганда, бийлик алдыдагы отун-энергетика жаатындагы коопсуздугубузду канчалык деңгээлде камсыздаганга жарашты, ишеним барбы?

– Бийликтин бул жааттагы аракеттерине толук ишеним жок. Ар жылы 1-апрелде кышкы мезгил толук аяктайт. Апрелден баштап 1-ноябрга чейин энергетика тармагыбызда оңдоо-түзөө, кышка даярдык көрүлөт. Азыр сыртта 10-15 градуска чейин сууктун күчү сезилүүдө. Алай менен Ат-Башыдагы абалды айтпай эле коёлу. Ушундай абалга карабай электр жарыгын жайкы, жазгы мезгилдегидей өчүрүүлөр болууда. Мен ар жылы какшап айтам, 1-ноябрдан баштап оңдоо-түзөө, профилактикалык иштерди токтото туруп, бул жааттагы бөлүштүрүүчү компаниялар, улуттук электр түйүндөрү элди үзгүлтүксүз электр жана жылуулук менен камсыз кылыш керек. Азыр баягыдай энергетика министрлиги жок, бул тармакты улуттук энергетикалык холдинг башкарып жатат. Баса белгилөөчү жагдай, өлкөбүздүн энергетика жаатын башкарып, жөнгө сала турган мамлекеттик система туура эмес түзүлүп калды. Электр булагын өндүрүп, бөлүштүрө турган «Электрстанцияларынын» ААК үстүнөн улуттук энергетикалык холдинг менен башкарып, муну да көзөмөлдөй турган өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитет түзүлдү. Ошону менен энергетика жаатындагы башкаруу системасы жакшы иштебей жатат.

– Макул, бул жаатта кош стандарттуулук орногон башкаруу системасы түзүлүп калыптыр дейли. Бирок, бул тармактардын башына татыктуу жетекчилер келсе иш алдыга жылат да. Бул жагына кандай дейсиз?

– Чындыгында энергетика жаатына жакшы иштеген кадрлар тартылышса, баткакка тыгылган системаны иштетип кетишет. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы? Маселен, «Электрстанциялары» ААК бул жааттагы электр булагын өндүргөн эң негизги тармак. Ушундай тармакка жакшынакай жетекчилерди дайындаса болот беле? Болмок. Бирок, бийлик бул жаатта да кадр саясатынан аксашты. Улуттук энергетикалык холдингди башкарган Азамат Абдыкадыров деген жетекчи неме жакшы иштебей жатат, кашаң жүрүшкө салып. Мен дагы айтам, Абдыкадыров жетектеген улуттук энергетикалык холдинг мыйзамсыз ишкана. Мен ушинтип баса белгилеп айта алам. Анткени, улуттук энергетикалык холдинг жөнүндө атайын мыйзам чыгарыш керек эле. Бирок, аталган кызматтын ордун бекемдеген мыйзам чыкпай калды. Мурунку энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, андагы анын орун басары Айбек Калиев, бул экөөнү жогору жактан көзөмөлдөгөн Сапар Исаковдор жогору жактан «улуттук энергетикалык холдинг түзүлсө, эч кимге баш ийбейт, эч ким бул органды текшере албайт» деген мыйзам долбоорун алып келишип, аталган тармакка өзүнчө чоң статус беришип, парламент депутаттарынын алдына «гениалдуу пландарын» алып келишкен. Алардын өтүнүчтөрүн эл өкүлдөрү колдобой коюшкан. Ошол себептен бүгүнкү күнгө чейин энергохолдинг мыйзамсыз иштеп жатат. Мындан башка да холдинг боюнча көптөгөн көйгөйлөр менен мыйзам бузуулар бар. Анан калса улуттук энергетикалык холдингдин жетекчилери энергетикалык компаниялардын директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөсү болуп алышканын кайда катабыз? Улуттук энергетикалык холдингди жыл сайын 75-80 миллион сом өлчөмүндөгү каражат менен бул тармактагы бөлүштүрүүчү компаниялар өздөрүнүнүн эсебинен камсыздашып жатышат. Бул жерден энергетикалык холдингдин кызматкерлеринин алган маяналары да мыйзамсыз десек жарашат.

– Токтогул ГЭСиндеги топтолгон суунун көлөмү көңүл кубанткыдай экендиги, кыш күрөөдө андагы толгон суу коркунуч жаратпасын экономика министри Олег Панкратов баш болуп саймедирешүүдө. Алардын айтканында негиз барбы?

– Ооба, өкмөт мүчөлөрү «Токтогул ГЭСинде суу жетиштүү, андыктан биз кышында эч кыйналбастан чилдеден чыгып кетебиз» дешүүдө. Бирок, алардын антип айтып ооздорун жыя электе ноябрь айындагы суукта күн сайын өлкөбүздүн аймактарында эртең мененки саат 9дан кечки саат 19га дейре өчүрүү болуп жатышканын танышабы? Себебин сурасаң, келтирген жүйөөлөрү «ремонт болуп жатат» деп ооздорун куу чөп менен сүртүшүүдө. Өлкөбүздө өндүрүлгөн электр кубаты жалпы элге жетпей жатат. Ошонун негизинде бул бийлик элге электр жагынан чектөө киргизе башташты. Өкмөттөгү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «электр булагын пайдаланууда белгиленген чектен ашып жатасыңар. Электр энергиясына чектөө киргизгиле» деп жатканын уккан жоксуңарбы? Бороновдун кебинен өлкөдөгү өндүрүлүп жаткан энергиянын көлөмү колдонуп жаткан көлөмгө жетпей жатканын далилдеп жатпайбы? Ара-чолодо тиешелүү бийлик өкүлдөрү электр жарыгына болгон чектөөнү «электр көмөк чордондору күйүп кетип жатат» деген шылтоо менен жооткотушууда. Бул жалган! Өлкөбүздө өндүрүлгөн электрдин көлөмү көп болгондо көмөк чордондор күйбөйт эле.

– Соңку беш жылдан бери энергетикадагы көз боёмо, коррупциялык иштерди ташка тамга баскандай айтып, өзгөчө Айбек Калиевдин, Осмонбек Артыкбаевдин ишиндеги «былыктарды» убагында ачыктадыңыз эле, кезегинде андагы бийлик көңүлгө алган эмес. Анын баарысы чын чыкты. Учурдагы бул тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү кан какшап айта бербей, президенттин өзүнө сунуш катары жолдоп, бетме-бет жолугууга жол издеп көрсөңүз болот беле?

– Соңку беш жыл эмес, акыркы он жылдан ашык энергетика тармагыбыздагы уурдоо-тоноолорду, коррупцияга кимдер малынганын ачык-айкын аттарынан өйдө айтып келе жатам. Президент Сооронбай Жээнбеков өзү дагы «силер коррупцияга каршы күрөштө мекемеңердеги жемкорлукка малынган кызматкерлердин аттарын атап айткыла» деп коомчулукка сунуш берди. Мен он жылдан бери, өзгөчө Бишкек ТЭЦи тууралуу сегиз жылдан бери сунуштарымды айта берип тил тешилгендей болду. Биздин сунуштарга убагында кулак салышса, жыл башындагыдай жагдай болбойт эле го? Бишкек ТЭЦин модернизациялоого жеке өзүм каршы чыккам. ТЭЦке жумшалган 386 млн. долларга андан көрө Көкөмерен менен Жогорку Нарын дарыясына, Сары-Жазга ГЭС курууну сунуштагам. Кулак салышкан жок. Бишкек ТЭЦинин модернизациясына 386 млн. доллар насыя алсак, кайра үстөгү менен 500 млн. доллар төлөп беришибиз керек. «Датка» көмөк чордону менен «Датка Кемин» ЛЭП 500гө, жалпы 600 млн. доллар насыя алдык. Кайра насыяны кайтарарда 800 млн. кайрып беребиз. Токтогул, Ат-Башы, Үч-Курган ГЭСтерин модернизациялоого 500 млн. доллар насыя алып жатабыз. Соңку 4 жылдын ичинде жалпы энергетикалык долбоорлорго биз 2 млрд. доллар насьм алдык. Ыя айланайын, бул эмне деген шумдук? Эми мындан кантип кутулушубуз керек? Азыркыдай таз кейпибиз менен биз эзели кутула албайбыз. Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Азамат Абдыкадыров өзү дагы энергетика жаатыбызга арналып алынган насыялардан кутула албастыгыбызды моюнга алып жатат. Жогорудагы энергетикалык долбоорлор Кытай мамлекети менен биздин өкмөттүн ортосунда келишим менен түзүлгөн. Карызды энергетикалык компаниялар эмес, өкмөт өзү төлөйт. А өкмөтүбүздүн каражаты жок. Казынабыз какшып турат. Ошол эле Тажикстан өңдүү биз сыяктуу чабал өлкөлөрдүн ар кандай долбоорлоруна Кытай насыяларды берип, акыры төлөй алышпаса карыздар өлкөлөрдүн кен байлыктарын кытайлар алып коюп жатышат. Башкасын айтпаганда дагы энергетика тармагыбызга Кытайдын алган насыяларыбызды төлөй албай, биз аларга Кудай Таалам берген рсепсиз байлыктарыбызды бергенге аргасыз болобуз. Ушуну айтты-койду дебегиле. Биз азыр ошого баратабыз. Кытайлар жөн эле алып коюшат, көрөсүңөр! Анткени, Кытай менен биздин өкмөттүн эки тараптуу келишиминде «эгерде чыр-чатак орун алса, анда ишти Гонконгдогу Жогорку арбитраждык соту карайт. Маселе ошол жерде чечилет» деп жазылып калган. Гонконгдогу арбитраждык сот Кытай өкмөтүнө караштуу. Андыктан, ишти толугу менен Кытай тарап чечип коёрун бөркүңөрдөй көрсөңөр болот.

– Улуттук коопсуздугубузга чоң коркунуч келтирген ушул көрүнүштү жогорку жетекчиликке жазуу жүзүндө болсо да жеткиргенге аракет кылып көрдүңүзбү?

– Кандай көйгөйлөр, кандай жемкорлук болуп келе жатканын, тармактагы уурдоо-тоноолордун деңгээлин кантип азайтуу керектигин мен ачык-айкын айтып келе жатам. Канчалаган сунуштарымды жолдойм, андай сунуштарым суу кечпей калып жатпайбы? Мен буга чейин дал ушул жааттагы көйгөйлөрдү, аларды чечүүнүн жолдору, реформа жасоо тууралуу сунуштарым менен өлкө башчысына ачык кат менен эки жолу кайрылдым. Тилекке каршы, менин андай мазмундагы кайрылууларым президентке жетпей жатат. Өлкө башчысы мени кабыл алса, өзүнө гана жакшы болмок. Башкасын айтпасам да сырттагы энергетика тармагындагы чыныгы абалды болгонун болгондой айтып берүүгө эрким да, духум да жетет болчу. Ал эми коопсуздук кеңешинин катчысына, башкы прокурор менен УКМК жетекчилигине да түздөн-түз улуттук Коопсуздугубузга доо кетип жатканын, энергетика тармагыбыздагы уурдоо-тоноолор, аларга каршы күрөш тууралуу арыз менен эчен ирет кайрылып жатам. Ушул кайрылууларымдын негизинде «Электрстанциялар» коомунун мурунку жетекчилерине мамлекеттик сатып алууну бузгандыгы үчүн иш козголгондугу тууралуу маалыматтарды берип жатышат. Соңку ирет да Казакстандан сатылып алынган 400 миң тонна көмүрдү алууда коррупциялык көрүнүштөр орун алгандыгын белгилеп, укук коргоо органдарына кайрылдым. Учурда бул ишти тергөө органдары иликтеп жатышат. Чынында энергетика тармагыбызда абал оор. Эгерде биз азыркыдай ыргак менен кете берсек, анда келечекте электр жарыгын Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан сатып алганга аргасыз болобуз. Анткени, жыл сайын элибиздин саны 130 миңге чейин көбөйүп жатат. Мекеме-ишканалар, жеке менчик турак үйлөр курулууда. Бүгүн өндүрүлүп жаткан электр энергиясынын көлөмү колдонуп жаткан «Ильич шамынын» көлөмүнө жетпей жатат. Жыл сайын таңкыстык орун алып, абал оорлошуп бара жатат. 16-ноябрда Тажикстан Рогун ГЭСинин 600 мегаваттык алгачкы агрегатын ишке киргизди. Ошол 600 мегаваттык агрегаты биздин Токтогул ГЭСинин 50% көлөмүн түзөт. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан да биринен сала бири ГЭСтерди курушууда. А биздечи? Жогорку Нарын ГЭСин курабыз деп ит болдук! Камбар-Ата ГЭСин курабыз деп чамынышканы менен ал жери иштебей жатат. Кайран сөзда…

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: