Өзбекстан Борбор Азиядагы туризм үчүн эң коопсуз өлкө деп табылды. Мындай чечимди 2019-жылда туристтер үчүн эң коопсуз өлкөлөрдүн тизмегин чыгарган “International SOS” жана “Control Risks” компанияларынын эксперттери кабыл алышты. Бул тууралуу “Фергана” сайты жазып чыкты.
Адистердин айтымында Евросоюздун башка өлкөлөрүндөй эле Өзбекстанда дагы туристтер үчүн коопсуз. Бирок Фергана өрөөнү жогорку деңгээлдеги коркунучтуу деген категорияга кирген. Мындай категорияга өзгөчө коркунуч туудурган, тагыраагы улуттук же диний кагылышуулар, өкмөткө каршы массалык кыймылдар болгон өлкөлөр же өзүнчө аймактар кирет.
Ал эми коркунуч туудурган өлкөлөрдүн көрсөткүчү катары ошол эле Өзбекстандын Сурхандарья облусу менен Афганистандын чектешкен жери көрсөтүлөт. Борбордук Азиянын калган өлкөлөрү орточо кооптуу жерлер болуп эсептелет. Бул категорияга ошондой эле Россия, Индия, Түркия жана Израиль өлкөлөрү кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ