Жайкы эс алуу жана туристтик сезону башталганына байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жарандар эс алган жайларды катуу көзөмөлгө ала баштады. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул иш чаранын эӊ негизги максаты жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу: кооптуу жайларда сууга түшүүгө аракет кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жол кыймыл эрежелерин так сактоого үндөө, жаратылыш кырсыктары күтүлүүчү жайларга өткөрбөө боюнча комплекстүү иш чараларды жүргүзүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын иш мерчемини негизинде 2017-жылдын 1-июлунан баштап, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын райондук жана патрулдук милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жарандар эс алуучу жайларга бөлүнүп, күнү-түнү көзөмөл жүргүзө баштады. 2017-жылдын 30-майынан 10-июлга чейинки мезгилде 11 жаш өспүрүм сууга агып набыт болгон. Алардын 8и 30-майдан 7-июнга чейинки мезгилде кырсыкка дуушар болушкан. Кырсыктардын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик жана коомчулук менен биргеликте тынымсыз иш чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул иш чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер болсо же түшүнбөстүктөр болсо төмөндөгү ишеним телефондорго кайрылсаӊыздар болот:
Ош облустук ички иштер башкармалыгы (03222) 5-59-10;
Алай РИИБ (03234) 5-14-74;
Араван РИИБ (03231) 5-00-33;
Кара-Суу РИИБ (03232) 5-31-81;
Кара-Кулжа РИИБ (03239) 5-03-86;
Ноокат РИИБ (03230) 5-21-02;
Өзгөн РИИБ (03233) 5-06-36;
Чоӊ-Алай РИИБ (03237) 2-20-98.
Ош ОИИБнин басма сөз кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ