Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектеги маршруткаларга тыюу салууну сунуштады. Анын айтымында, маршруткалар шаардын абасын булгоодо. Депутат эски унааларды колдонгондугу үчүн салык киргизүү жана аларды каттоого албоо демилгесин да көтөрүп, элдер жөө жүрсүн дегенди айтып чыкты. Эл өкүлүнүн мындай демилгеси шаар тургундарын ачуулантып, андай болсо депутаттар ишке жөө келип үлгү болушсун деген сындарды айтышты. Ырасында, Бекешов чындап эле шаардын экологиясына кабатыр болсо, алгач элди транспорт менен камсыз кылуу жагын чечип коюп, анан маршуруттарды каттамдан алуу жагын айтса жарашмак. Жөө жүрүшсүн дегени акылга сыйбайт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ