Экономика министрлиги кассалык чектерди талап кылууга үндөгөн лотерея ойното турган болду. «Касса чегин талап кыл, акча утуп ал» деген акцияга 15 миллион сом сарптаганы турат. Бул акчанын 5 миллиону акцияны жарнамалоого кетет, ал эми 10 миллиону катышуучуларга байге катары берилет. Бул акцияны мамлекеттик салык кызматы өткөрмөкчү. Негизинен бул иш-чара көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга багытталган. Бирок экономика маселесин чемичкедей чаккан адистер министрликтин бул аракетинен эч кандай жыйынтык болбой турганын, болгону алар 15 миллионду ушундай ыкмалар менен “адалдап” пайда көрүүнү көздөп жатканын айтып чыгышты.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ