Бүгүн, 21-сентябрда Акыйкатчы Токон Мамытов Араван районундагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда массалык мушташ болуп, натыйжада жергиликтүү тургундар жаракат алган окуя боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Токон Мамытовдун айтымында, окуя тыкыр иликтениши керек.
“Ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдары сергек жана ыкчам болушу керек, сот тутуму калыс жана мыйзамдын талаптарын аткарууга тийиш. Окуянын уюштуруучулары жана катышуучулары аныкталып, жазаланышы керек. Шайлоо процессине катышуучулардын катышуусу кылдаттык менен изилденип, тастыкталса, БШК тарабынан токтоосуз каралышы керек” – деп айтылат билдирүүд
“Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга жарандар менен жолугушууларды, коомдук дебаттарды жана талкууларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууда жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүүгө милдеттүү. Бул Араван районунда жасалган эмес. Эгерде жер-жерлерде укук коргоо органдары эрте, ыкчам жана кынтыксыз иш алып барышса, бул окуянын алдын алууга болот эле” – деп белгиледи акыйкатчы.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-сентябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Ильхом Маннановдун жолугушуусунда шайлоочулар менен массалык мушташ болуп, анда 12 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, беш унаа талкаланган. Ильхом Маннанов өзү жаракат алган эмес. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 10 адам кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ