Menu

Видео – Адахан Мадумаров: “Мындан 10 жыл мурун болгон окуяларга же анын моюнуна асып жаткан бүтүндөй бир жалааларга Курманбек Салиевичтин эч кандай тиешеси жок”

Бөлүшүү:

“Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, сураныч, Курманбек Салиевич Бакиевди алып келиңизчи, Кыргызстан өнүксүн”, – деген суроону беришти шайлоочулар кагаз жүзүндө кечээ, 19-сентябрда Жалал-Абадда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровго.

“Мындай суроо эки жактан берилиши мүмкүн. Бирөөлөр азыр видеого жаздырып туруп, жообумду азыр тартып алып, мен “жакшы калгыла” дегиче Ютубга жүктөш үчүн жазышы мүмкүн же чын жүрөктөн Курманбек Салиевичти сыйлагандар жазышы мүмкүн. Ким жазса ошол жазсын, мен тике жооп берем. Мен кыргыздын эч бир баласынын сыртта зар какшап, мекенине кайта албай, ыйлап жүрүүсүн каалабайм. 10 жылдан бери ушуну айтам (кол чабуулар). Биздин ар бир балабыз, ар бир кызыбыз өз мекенинде жашоого укуктуу. Мына жакында ачыкка чыгат. Мен ошол кезде эле айтып чыккам, 10 жыл тепки жедим. Айткам, эми да айта берем. Мына ошол 10 жыл мурун болгон окуяларга же анын моюнуна асып жаткан бүтүндөй бир жалааларга Курманбек Салиевичтин эч кандай тиешеси жок (кол чабуулар). Мына ошол, 3 комиссия түзүшүп, комиссиянын мүчөсү болгон азаматтар чыкты, революция жасадык деген азаматтар айтышкан: “Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан $300 миллионду Бакиевдер алып кетти” деп, ошол комиссиянын мүчөлөрү айтышты: “300 млн эмес, 3 тыйын да алып кеткен эмес ал киши” деп. Бүтүндөй калп! Бирок эл өзүбүз ой жүгүрткөндү үйрөнүшүбүз керек. Мен мындан 5 жыл мурун айттым, 6-7 жыл башта айттым “Аскар Акаевичти дагы, Курманбек Салиевичти дагы алып келишибиш керек, алардын тагдырын 7-8 киши эмес, калдайган калың касиеттүү Кыргызстандын эли чечиш керек” деп. Мына ушуга турам мен бекем”, – деп жооп берди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: