Бишкекте “Театралдык” деп аталган гүл бакчада орнотулган пианинону белгисиз адам сындырып салды. Бул тууралуу “Бишкекзеленхоз” муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү билдиришти.
Белгилүү болгондой, муниципалдык кызматтын кызматкерлери кылмышкерди өздөрү кармашкан, ал мас абалда болгон. Андан кийин ал Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
“Биз укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык, тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп билдирди мэрия.
Маалыматка ылайык, пианино 2019-жылы орнотулган. Ал жай бою паркта турат жана чер жазуу үчүн адамдар көп келчү.
Пионинону талкалап кеткен вандалдар менен милиция иш алып барат. Ал эми азырынча парк музыкалык аспапсыз калды.
https://www.facebook.com/100022776223737/videos/pcb.829520217817178/829515907817609/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ