1992-жылы 16-декабрда КР Жогорку Кеңеши көз карандысыздыкка жана КМШ мамлекеттеринин өз ара макулдашуусуна таянып N1080- “КМШ мамлекеттери жана башка юридикалык жактар пайдаланып жүрүшкөн курорттук-рекреациялык чарбалык объектерди Кыргызстандын менчигине өткөрүп алуу тууралу” токтом кабыл алган.
2016-жылдын апрелинде президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариевдин кошоматчылары оозу-мурдунан көбүк чачып “Биз Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү “Рохат-НБУ”, “Дилорам”, “Бустон” жана “Алтын кум” 4 пансионатын Кыргызстандын менчигине өткөрүп алдык. Мындан кийин бул пансионаттарга Кыргызстан кожоюндук кылат” деп айкырышкан. Ошондон бери муну Атамбаев менен Темир Сариевдин эрдиги катары 1,5 жыл оозунан түшүрбөй жүрүштү.
2017-жылдын 5-6-октябрында Өзбекстанга акыркы сапарын жасаган Алмаз Атамбаев жогоруда аталган Ысык-Көлдөгү “Рохат-НБУ”, “Дилорам”, “Бустон” жана “Алтын кум” 4 пансионатын Өзбекстанга кайра өткөрүп берүү боюнча макулдашуу түзүп келгенин кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеште КР өкмөтүнүн вице-премьери Дайыр Кеникеев билдирди.
2017-жылдын 13-декабрында КР премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көлдөгү “Рохат-НБУ”, “Дилорам”, “Бустон” жана “Алтын кум” 4 пансионатын Өзбекстанга кайра өткөрүп берүү тууралу токтомго кол койду.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ