Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кызы Ай-Данекти турмуш жолуна узатты. Күйөө баланын аты Максат экени белгилүү болду. Ал аскердик пенсионердин уулу.
Саясатчынын айланасындагылар билдиргендей, кыз узатуу бир күн мурун “Фрунзе” ресторанында болгон. “Мааракеге коронавирус пандемиясы учурунда орнотулган санитардык эрежелерди бузбоо үчүн 100дөн ашык адам чакырылган жок”, – деди коноктордун бири.
Маалыматка ылайык, Ай-Данек менен Максаттын тааныш болгонуна 4 жыл болду. Максат Ай-Данектин үй-бүлөсүн кыйын-кырдаалда колдоп келген.
Башка маалыматтарга караганда, Ай-Данек болочок жолдошу менен Кытайда окуп жүргөндө таанышкан. Алар бир нече жылдан бери дос болуп келишкен. Тойдон тартылган видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.
https://www.facebook.com/100001573929770/videos/3695046633891098/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ